Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

БШК: А.Айтикеев менен Ж.Назаралиевдин өкүлдөрү катталды


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Дамир Лисовскийдин билдиришинче, ар бир талапкерден элүүгө чейин ыйгарым укуктуу өкүлдөр каттала алат.

Учурда Өнөр жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн кызыкчылыгын коргоо партиясынын төрагасы, ишкер Акбаралы Айтикеевдин 12, ал эми доктур-нарколог Жеңишбек Назаралиевдин 6 ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталышты. БШКнын мүчөсү Жамиля Алымбекованын айтымында, күн сайын ыйгарым укуктуу өкүл болуу өтүнүчү менен жаңы адамдар кайрылууда, ал арыздар болсо БШК мүчөлөрү тарабынан чогуу каралат.
23-апрелге карата БШКга президенттик шайлоого катышуу арызы менен А.Айтикеев, И.Исаков, Ж.Назаралиев, М.Боромбаев кайрылышты.
Президенттикке ат салышууну Н.Мотуев да көздөп жатканын ал бүгүн маалымат таратып, өзү жарыялады. Дагы бир талапкер болууну каалаган мурдагы Омбудсмен Т.Бакир уулу Малайзияга элчиликке каралып жатат.
Бүгүн, 23-апрелде, Дыйкандар партиясынын төрагасы Куттубек Асылбеков мамлекет башчысы кызматына талапкер болуу ниетин «Азаттыкка» билдирди. Патриоттор партиясынын төрагасы Назарбек Нышановду БШК Шайлоо кодексинин эрежелерин бузганы үчүн анын документтерин кайтарган.
«Ак жолдун» атынан К.Бакиев 1-майда бийлик партиясынын курултайынын атынан көрсөтүлгөнү турат.

Апта башында Бириккен элдик кыймыл президенттикке талапкер катары мурдагы премьер-министр, Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаевди аташкан. (KO, EB)

XS
SM
MD
LG