Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысына “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Курултайга байкоо салуу үчүн барган айрым эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болсо чогулган элдин саны 4 миңдин тегерегинде экенин айтышууда. Ошол эле учурда кээ бир талдоочулар да курултайга келген элдин саны 10 миңди чамалап калганын айтышууда. Учурда аймактардан келген өкүлдөргө сөз берилүүдө. Элдик курултайга ар бир облустан 60тан өкүл келген.(SM)