Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Бүгүн - безгек илдетине каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү


Дүйнөдө жыл сайын жарым миллиарддан ашык адам безгекке чалдыгып, бул дарттан бир миллион бала көз жумуп турат. Кыргызстанда безгек өткөн кылымдын баш чендеринде кеңири жайылган оорулардын бири болгон. Эпидемияга каршы иш-чаралар жыйынтыгында бул оору өлкөдө 50-жылдары толугу менен ооздукталган. 1980-2000-жылдар аралыгында безгектин жайылышы сейрек мүнөздө болгон. Бирок 2002-жылдан тарта Кыргызстан безгек оорусу баш көтөрүп, бирок 2006-жылы кырдаал жөнгө салынган. Саламаттык министрлиги билдиргендей, бүгүнкү күнү өлкөдө 80ге жакын адам безгек менен ооруйт жана аны менен күрөшүүгө СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү Глобалдык корунун атайын долбоору барандуу салымын кошуп келет.(EK)

XS
SM
MD
LG