Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:15

БЭКтин курултайы аяктады


Курултай президенттикке расмий талапкерлерди көрсөткөндөн кийин президенттик шайлоонун жүрүшүнө көз сала турган көзөмөл кеңеш түзүү чечимин кабыл алды. Ал тууралуу маалымат берген Болот Шерниязов президенттик шайлоо калыс жана ачык өтөт деген ишенич жок, анткени азыркы президенттин жеңиши үчүн административдик бийлик өкүлдөрүнүн бардыгы иштейт деп, шайлоонун адилет жүрүшү үчүн коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган байкоочу кеңеш түзүүнү сунуштады. Кеңешке ар бир облустан оппозицияга да, бийликке да тартпай турган жыйырмадан калыс адамдар киргизиле турган болду. Алардын арасында чыгармачыл интеллигенциянын Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев сыяктуу Эл Баатырлары бар.Ал эми Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаты Ажыбай Калмаматов "Азаттыкка" Шайлоо Кодексинде элдик көзөмөл салуу кеңеши жөнүндө эч кандай жобо жок болгондуктан кеңештин билдирүүлөрү эч кандай мыйзамдык күчкө ээ болбойт деп билдирди. Анын айтымында, кеңештин маалыматы коомдук пикир катары эске алынышы мүмкүн, бирок БШКнын каттоосунан өтпөгөн кеңештин бүтүмү менен БШК жана соттор эсептеше албайт. Депутат андан тышкары президенттик шайлоо калыс өтөт деген ишеним бар, ошон үчүн көзөмөл салуучу мындай кеңештерди түзүүнүн зарылдыгы жок деп билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG