Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Таласта ММК өкүлдөрү губернаторго бир топ көйгөйлөрдү айтышты


Облус башчысы менен болгон бүгүнкү жолугушууда журналисттер аймактагы укук коргоо кызматкерлеринен маалымат алуу кыйындыгы, мурда ММК менен бирдикте уюштурулуп келген рейддер өткөрүлбөй калганы, Өтмөк-Талас-Тараз автожолу курулбай жатып айрым жерлери талкалана баштаганы тууралуу айтышты. Ошондой эле журналисттерге төөбурчактын баасынын төмөндөшү тууралуу дыйкандар көп кайрылышып жатканы жана Кыргыз почтасынын Таластагы бөлүмдөрү жакшы иштебей, гезит редакцияларынын иштерине терс таасирин тийгизип жатканын белгилешти. Губернатор укук коргоо кызматкерлерине бүгүн эскертүү берээрин, Өтмөк-Талас автожолу толук курулуп бүткөндөн кийин атайын комиссия кабыл алаарын, азырынча алардын кемчилигин айтуу эрте экенин, төөбурчактын баасы облустук деңгээлде чечилбесин айтып, почта кызматы көзөмөлгө алынаарын журналистерге маалымдады. Мындан тышкары облусун ичиндеги жасалып жакан иштер жана жетишкендиктер тууралуу да губернатор кеп кылып кетти. (UA)

XS
SM
MD
LG