Алексей Кудрин Вашингтонго келгенде, ага банкрот болгон ЮКОС мунай ишканасынын акция кармоочулары берген арызга байланыштуу сурак берүүгө ордер тапшырылды. Акция кармоочулар ЮКОСтун банкрот болушу үчүн Орусияны күнөөлөп, компенсация талап кылышууда. Ишкананын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский салык төлөөдөн качкан жана каражатты ысырап кылган деген кине менен кесилип, азыр жети жылдык түрмө мөөнөтүн өтөп жатат.