Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Социал-демократтар партиясы президенттикке А.Атамбаевди көрсөттү


Бүгүн, 26-апрелде, Социал-демократтар партиясы тогузунчу курултайын өткөрдү. Жыйында эки маселе каралды. Биринчиси - өлкөдөгү саясий – экономикалык жагдай. Ага баа берген партия бийлик саясий жактан алганда банкроттукка кептелди деген бүтүмгө келди. Экинчи маселе катары СДПК төрагасы Алмазбек Атамбаев 23-июлда боло турган президенттик шайлоого талапкер катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиянынын мүчөсү, депутат Иса Өмүркулов билдирди. Кечээ (ишембиде) Аламүдүн районундагы Арашан айылында өткөн Бириккен Элдик Кыймылдын курултайында Алмазбек Атамбаев жана мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков оппозициянын атынан президенттикке талапкер деп жарыяланган болчу. (ES)

XS
SM
MD
LG