Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Бишкекте Чернобль кырсыгына арналган эстелик тургузулду


Бүгүн Чернобль атом электр станциясында болгон жарылууга 23 жыл толгондугуна байланыштуу Бишкектеги Фучик сейил багында эстелик тургузулду. Иш-чарага мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, шаар мэри Нариман Түлеев, Орусия, Украина жана Беларустун Кыргызстандагы элчилери келип катышышты. Жыл сайын 26-апрель күнү жарылуунун кесептин жоюу ишине катышып, радиациянын нур-залалынын кесепетинен ар кандай дарттарга кабалып көз жумгандарды эскерүү салтка айланган. 23 жыл мурун орун алган бул алааматтын каскагын жоюуга Кыргызстандан үч миңден ашуун адам катышкан. Алардын айрымадры аларга көрсөтүлүп жаткан социалдык жардам чабаал болуп жатканын айтып, кабатырлануусун билдирип келишет. (ES)

XS
SM
MD
LG