Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Петровка айылындагы атышуудан эки адам жарадар болду


Петровка айылында күрттөр алардын үйлөрүн кыдырып, таш ыргыткандарга каршы ок атышкан. Окуя болгон жерге район акими, ички иштер министринин орун басары Талантбек Исаев, облус губернатору Болоткан Кумаровдор келишти. Жергиликтүү кыргыз жана орус улутундагы тургундар бардык күрт улутундагылардын 24 сааттын ичинде айылдан толугу менен көчүп кетишин талап кылышууда. Губернатор Б. Кумаровдун бул маселени он күн ичинде чечүү сунушуна нааразылык билдиргендер макул болбой, он күн ичинде абал курчуп кетиши мүмкүн экендигин айтышты. Укук коргоочулар бир-эки тентектин айынан бүтүндөй этностук топту куугунтуктоо сталиндик доордун өнөкөтү экенин белгилеп, жергиликтүү тургундарга күрт тургундарын көчүрүү талабынан баш тартууну сунуш кылууда.

XS
SM
MD
LG