Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:17

Парламент Кумтөр боюнча жаңы макулдашуунун шарттарын ратификациялайт


Бул маселени Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги сессиянын күн тартибине Парламенттин координациялык кеңеши бүгүн киргизди. Кыргыз өкмөтү менен “Кыргызалтын” ачык акционердик коому, канадалык “Центерра Голд Инк.”, “Кумтөр оперейтинг компани” жабык акционердик коому жана канадалык “Камеко” корпорациясынын макулдашуусунун жаңы шарттарына тараптар 24-апрелде Бишкекте кол коюшкан. Кыргыз өкмөтү менен Кумтөрдөгү алтын өндүрүшү боюнча аталган тараптардын сүйлөшүүлөрү 2006-жылдан бери уланып, аягына чыкпай келаткан. Премьер министр Игорь Чудиновдун өткөн жумада парламентте билдиргенине караганда Кыргызстандын үлүшү 15,66 пайыздан 33 пайызга көбөйдү жана өндүрүлгөн алтындан бюджетке 18 процент салык берилет. Жаңы макулдашуу 2026-жылга чейин түзүлгөн жана анын шарттары боюнча салыктардан жана жыйындардан Кыргызстандын капчыгына 3 млрд. 432 млн. доллар киреше түшөрү айтылууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG