Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

Ирактын премьер-министри АКШ аскерлеринин рейдин “кылмыш” деп атады


Нури ал-Малики АКШ аскерлеринин жекшемби күнкү аракетин айыптоо менен бирге аны Вашингтон менен Багдаддын ортосундагы коопсуздук келишимин бузгандык катары баалады. Кечээ өлкөнүн түштүгүндө, шийиттер жашаган Кут шаарында жүргүзүлгөн рейд жергиликтүү бир аялдын өлүмү менен аяктап, шийит согушкерлеринин тобуна тиешеси бар деп шектелген алты адам кармалган эле. АКШ армиясы болсо эки ортодогу коопсуздук келишими бузулду деген ырастоолорду четке кагып, жүргүзүлүүчү рейд тууралуу ирактык бийликтерди алдын-ала кабардар кылганын билдирди жана каза болгон аялдын үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Шектүү деп кармалган алты адамды Ирактын бийликтери кийинчерээк бошотушту.

XS
SM
MD
LG