Бул тууралуу бүгүн Эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташтык комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков билдирди. Токтом долбоору Кумтөр кени боюнча кабыл алынган 1992, 1994, 2003-жылкы макулдашууларды мыйзамсыз деп таап, буга жол бергендерди жазага тартууну сунуштайт. Мындай токтом долбоорун колдой тургандыгын СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов да билдирди. Бүгүн комитет Кыргыз өкмөтү, “Кыргызалтын” ачык акционердик коому, Канадалык “Центерра Голд Инк.”, “Кумтөр оперейтинг компани” жабык акционердик коому жана канадалык “Камеко” корпорациясы менен макулдашуунун 24-апрелде Бишкекте кабыл алган жаңы шарттарын ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырып, парламентке сунуш кылды. Бул отурумда ошондой эле Центерра Голд ишканасынын курамынан “Камеко” корпорациясы чыгып аткандыгы маалымдалды. Макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү маселе парламенттин 30-апрелдеги күн тартибине кирген. (BuS)