Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:53

Нарын шаар башчысынын эки орун басары алмашты


Нарын шаар мэринин биринчи жана социалдык тармактарды тейлеген кийинки орун басарынын бир убакта бошотулушун шаар мэри Алмаз Кулматов кадрдык жаңылануулар катары сыпаттады. «Вице-мэрлердин кызматтан кетиши коллегиялык жыйындын чечимдерине ылайык болду. Эч бир кадр алмаштыргыс эмес. Алардын ордуна жаш кадрлар келди», - деп маалымдады Алмаз Кулматов бүгүн жаңы орун басарларды тааныштырууга арналган жыйын маалда. Жагдай боюнча Нарын шаар мэринин мурунку биринчи орун басары Кубан Нурмамбетов өзүнүн кандай негизде кызматтан кеткендигин ачыктабай, бул жерде мэр менен эч кандай пикир келишпестик болбогонун билдирди. Ал эми өз ысымын айтуудан айбыккан айрым жергиликтүү кызматкерлердин пикирлеринде, вице-мэрлер маалымат каражаттарына туура эмес маалымат бергендиктен ээрден шыпырылган.(KUs)

XS
SM
MD
LG