Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Бишкек-Ош унаа жолун Кара-Балтанын тушунан 150дөй киши бууп тосуп алган. Алар Петровкадагы жаңжалга тиешеси бар деп айыпталып кармалгандардын бошотулушун талап кылууда. Петровкада улуту күрд жаран төрт жашар кызды зордуктады, деп жергиликтүү эл айылдагы күрддөрдүн үйлөрүн, унааларын талкалап, бир сутканын ичинде чыгып кетишин талап кылышкан. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев бул жаңжалды улуттук коопсуздук кызматы иликтеп жатканын билдирди. (EBM)