Бишкектеги кайра бөлүштүрүүчү жайда азыр 15-20дай гана киши калды. Бул тууралуу Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Анын айтымында, бошогондорду күч органдарды унаа менен айлына алып кеткен. Борбор шаардагы кайра бөлүштүрүүчү жайга Петровкадагы жаңжалга тиешеси бар, деп сексенден ашык киши алынып келген. Алардын ишин Москва районунун көчмө сот келип, административдик тартипте карап жатат. (EBM)