Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Петровкадагы жаңжалга катышты деп камалгандардын 15и бошотулду


Бул тууралуу кабарлаган “Жашылдар” партиясы кармалгандарды бошотууну талап кылып Петровкада 2 миңге чукул адам жол тосуп атышат деп билдирди. Бул маалыматты ИИМ тастыктай элек. Кечээ Петровкада күрт улутундагы жергиликтүү тургундардын ондон ашык үйү талкаланган. Бул боюнча улут арасына от жагуу, коомдук тартипсиздик беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, “Болуш” бейөкмөт уюмунун башчысы Сапар Агымбаев уюштуруучу катары камакка алынган. Андан тышкары 80 чамалаш киши Бишкектин тескеп-бөлүштүрүучү жайына жеткирилген. ИИМ Камбараалы Конгантиев ишти тергөө коопсуздук комитетине берилгенин бүгүн парламентте билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG