Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Британ өкмөт башчысы Ооганстанга барды


Гордон Браундун Ооганстандагы визити алдын ала жарыяланган эмес. Ал ооган президенти Хамид Карзай менен Кабулда өткөргөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин экстремизмге каршы күрөшүүнүн жаңы стратегиясы керектигин билдирди. Британ өкмөт башчысынын айтымында, жаңы стратегия Ооганстан менен Пакистанды “ар башка, бирок бири-бирин толуктап туруучу” өлкөлөр катары чогуу карайт.

Кабулга келгенге чейин Гордон Браун британ аскерлеринин Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд провинциясында жайгашкан базасында болду жана бүгүн эле президент Асиф Али Зардари менен жолугуу үчүн коңшу Пакистанга да барат.

XS
SM
MD
LG