Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Беларус президенти иш сапары менен Италияда жүрөт


Бул Александр Лукашенконун Батыш Европага акыркы он төрт жылдан берки алгачкы сапары. Өкмөтү саясий оппозиция менен көз карандысыз маалымат каражаттарын кысмактап келгенинен улам Европадан обочодо калган Беларус үчүн азыркы иш сапар дипломатиялык жетишкендик катары каралууда. Александр Лукашенконун Италия премьер-министри Силвио Берлускони, Рим папасы Бенедикт ХVI менен жолугушуулары белгиленген. Италиянын тышкы иштер министри Франко Фраттининин айтымында, сүйлөшүүлөрдө Беларус лидерине адам укуктарын урматтоо керектиги билдирилет.

XS
SM
MD
LG