Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Москва районунун прокурору, ИИМдин райондогу башчысы иштен алынды


Мындай чечимдерди баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен ички иштер министри Молдомуса Конгантиев президент Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунда болгондон кийин чыгарышты. Президент эки жетекчиден окуя боюнча маалымат алды.
Райпрокурор Кубанычбек Алышпаев, милициянын райондук бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Жоробеков өз милдетине шалаакы мамилеси үчүн бошотулду. Буга чейин райондун акими Даукен Аринов да кызматынан алынып, анын ордуна Чүй облусунун мурдагы губернатору Кубанычбек Сыйданов дайындалган. Күрд улутундагы тургун 4 жашар кызды зордуктагандыгына нааразы болуп жергиликтүү тургундар Москва районундагы Петровка айылында күрттөрдүн үйлөрүн талкалап кетишкен. (BuS)

XS
SM
MD
LG