“Ата Мекен” партиясы кабарлангандай, Туратбек Мадылбековду күч органдары Петровкада жергиликтүү тургандар менен жолугушуп жатканда кармап кетишкен. Анын алдында Т. Мадылбеков бул жаңжалга байланыштуу Москва районундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызматтан алынып, кылмыш жообуна тартылсын, деген талап менен билдирүү тараткан болчу. (EBM)