Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Петровка чатагы боюнча коомдук комитет түзүлдү


Комитетке Москва районунун айылдарынан экиден киши кирип, алар окуянын чоо-жайын өз алдынча иликтөөнү максат кылууда. Баялы Саркулов аттуу жергиликтүү тургун жетектеген комиссия эртең Бишкекте маалымат жыйынын уюштураары маалымдалууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы комиссия мүчөлөрүнүн маалыматына таянып билдирди. 4 жашар кызды күрт жигити зордуктады деген маалыматтан улам жергиликтүү тургундар күрт бүлөлөрдүн ондон ашык турак үйлөрүн талкалап, төрт автоунааны коңторуп, бир автоунааны өрттөп ийишкен. Бул факт боюнча жүздөй киши камалып, райондун акими, прокурору жана райондук милициянын башчысы кызматынан алынышты. Кылмыш Кодексинин "Улуттар арасына от жагуу", "Тартипсиздик" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. (BuS)

XS
SM
MD
LG