Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:08

Угармандар “Азаттыктын” обого чыгышын талап кылышты


Бүгүн “Азаттыктын” Бишкек кеңсесине келген жоон топ угарман уктуруулар эмне үчүн обого чыкпай жаткандыгына түшүндүрмө берүүнү сурашты. Алар жалпы республикага УТРКнын 2-каналы, “Алмаз”, “Парламент” радиолору аркылуу Бишкекте берилип келген уктуруулар эмне үчүн токтоп калганына тынчсызданышты. Угармандар менен “Азаттык-Медиа” мекемесинин жетекчилиги жолугуп, уктуруулардын токтоп калган себебин түшүндүрүштү. Жолугушууда “Азаттыктын” угармандарынын кыймылы түзүлгөндүгү белгилүү болду. Кыймылдын башчысы Өндүрүш Токтоназаров кыймыл Бишкекте пикет өткөрүүнү көздөп жатканын, бул максатта жакында шаардык бийликке кайрыларын маалымдады. Радио уктуруулардын обого чыкпай калышына тынчсызданган угармандар “Азаттыкка” оозеки жана кат жүзүндө үзгүлтүксүз кайрылып келишет. Алардын катарында аксылык 400 чамалаш угармандын каты да бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG