Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Аба ырайы: шашылыш билдирүү!


Эртең 29-апрелде жаан-чачындын арбын жаашынан улам Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138, 198-265 чакырым аралыктарында кар көчкү жүрүшү күтүлөт. Чүй өрөөнүнүн тоо этектеринде, Кемин районунда, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 0.....-2 даража суук болуп, үшүк жүрөт. Ала-Тоо аймагында ала булут каптап турат, дээрлик жаан жаабайт. Ысык-Көл, Нарын дубандарынын кээ бир жерлеринде жаан, тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон желдин ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас, Баткен чөлкөмдөрүндө түнкүсүн 0....+5, күндүзү +13....+18 даража
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +2...+7, күндүзү +15....+20 даража
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0....+5, күндүзү +8....+13 даража
Нарын аймагында түнкүсүн 0....+5, күндүз +10....+15 даража

Ордо калаабыз Бишкекте ала булут каптайт, жаан-чачын болбойт. Батыштан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Абанын температурасы: түнкүсүн 0....+2 күндүзү +15....+17 даража жылуу деп билдирет, Кыргызстандын Гидромет борбору.

XS
SM
MD
LG