Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Петровкада 4 жашар кыз зордукталганын экспертиза тастыктады


Ички иштер министринин орун басары Сабырбек Курманалиевдин айтымында, бул фактыны соттук-медициналык экспертиза 28-апрелде саат 11:00дө тастыктады. Курманалиев Петровка окуясы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып төрт жашар кыздан жыныстык оору табылгандыгын да кошумчалады. Бул кылмышты жасады деп шектелип жаткан Осмонов Абдулла аттуу тургун камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат. Министрдин орун басары ошондой эле факт учурунда териштирилген эмес деген маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында бул факт оперативдүү иликтөөгө алынган, кыздын чоң энеси арыз жазуудан баш тартып, милиция кызматкерлеринин түшүндүрүү иштеринен кийин арыз берген. Мындай баш тартууну милиция жетекчиси ооз басырыкка акча алып койгон болушу керек деп болжоду.

Жабырланган кыздын өз энеси эпилепсия илдети менен жабыркагандыктан, ал таэнесинин колунда болгон. Расмий маалымат боюнча кыздын таэнеси Петровка окуясынан мурда эле муунуп өлгөн. Мындай маалыматка ишенбеген тургундар таэне киши колдуу өлдү деген шектенүүлөрүн айтып жатышат. (BuS)

XS
SM
MD
LG