Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Зилзаладан кыйраган Нура айылынын ордуна жаңы кыштак түшүүдө


Мындай кабарды Алай районундагы Нура айылынын башчысы Мукамбет Болпонов «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, бүгүн Ош облус губернаторунун биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев жаңы айылдын түптөлүшүнө катышып, бардык шарты бар конуш 25-сентябрга карата тапшырылаарын, заманбап үйлөр менен 152 үй-бүлө камсыз болоорун жарыя кылды. Ал эми Ош облустук мамлекеттик акимчилигинен Нура айылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн жана атайын ачылган эсепке которулган каражаттарга бүткөрүлөөрүн айтышты.

Өткөн жылдын 5-октябрында Нура айылында күчү 8 баллга жеткен зилзаладан айыл дээрлик толугу менен кыйрап калган эле. Бул кырсык 75 адамдын өмүрүн алып кеткен. (ATo)

XS
SM
MD
LG