Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

“Ата Мекен”: Шайлоо алдында президент эл айткан чындыкты моюнга алууга мажбур болду


“Ата Мекен” партиясы өзүнүн тараткан билдирүүсүндө, президенттин Петровкадагы окуянын чыгып кетишине жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүн айыптап, акимди, прокурорду, райондун милиция башчысын кызматтан алгандыгын буга далил катары көрсөткөн. Алар ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин окуянын күнөөкөрү катары дароо оппозицияны атап, анын артынан эле Э. Бөлөкбаев менен Т. Мадылбеков кармалып, алардын кайда экендигинин дайынсыз болуп жаткандыгын адам уурдоо катары баалашат.

Билдирүүдө партия бийликтен элдин арызына көңүл бурбаган кызматкерлерди кылмыш жообуна тартылышын, баш аламандыкка катышы бардыгы далилденбеген жарандардын бошотулушун талап кылып, жергиликтүү элдин Молдомуса Конгантиевди отставкага кетирүү демилгесин колдой турганын айткан(AzK)

XS
SM
MD
LG