Кечээ премьер-министр Игорь Чудинов чочко тумоосуна байланыштуу мониторинг жана кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча комиссия түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов азырынча Кыргызстанда бул илдет менен эч ким катталбаганын жана коркунуч жоктугун белгилеп, учурда мамлекеттик чек ара бекеттеринде республикага келгендерди медициналык кароодон өткөрүү жүргүзүлүп жатканын билдирген. Өкмөт башчы тиешелүү кызматтарга базарлардагы эт сатуу түйүндөрүнө санитардык көзөмөлдү күчөтүүнү милдеттендирди. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Мексикадан чыккан чочко тумоосунун вирусу башка өлкөлөргө тарап, 27-апрелге карата бейтаптагандардын саны 1 миң 600 адамга жетип,150дөй адам каза болгон. (AJ)