Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:34

АКШ менен Кыргызстандын аскер базасы боюнча сүйлөшүүлөрү оң жагына оочудай


Ооганстанда бейпилдикти жөнгө салууга көмөк көрсөткөн маанилүү америкалык аскерий базаны Кыргызстандан чыгарбоо тууралуу сүйлөшүүлөр уланып, андан оң натыйжа болчудай. Пентагондун маалымат катчысы билдиргендей, америкалык расмий өкүлдөр менен кыргыз тараптын "Манас" аскерий базасын калтыруу мөөнөтүн узартуу тууралуу сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болду. Америкалык аскерий базаны чыгаруу тууралуу чечим февраль айында, Орусиянын Борбор Азиядагы АКШнын аскерий базасын жайгаштырууга каршы экендигин айткандан кийин жана Кыргызстанга 2 миллиард доллар жардам иретинде насыя берүү сунушунан соң кабыл алынган. «Манас» аба базасы Ооганстандагы аскердик күчтөрдү керектүү жабдыктар менен камсыз кылуу максатында уюштурулган эң маанилүү аскердик түзүлүш болуп саналат.(IJ)

XS
SM
MD
LG