Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

“Ак жол” фракциясы Кумтөр боюнча келишимди талкуулап жатат


Парламенттеги эң ири фракциянын жыйынында Кумтөр боюнча жетишилген жаңы келишим тууралуу өкмөт башчы Игорь Чудинов маалымат берүүдө. Ал жаңы келишим боюнча Кыргызстан “Центерра голд инк” компаниясында ири акция кармоочулардан экенин айтып, Бишкектин акциясы 33% экенин белгиледи. Депутаттар Кыргызстан Кумтөрдө 66% акцияга ээ болуп туруп, эми 33% акцияга ээ болгонуна канааттанып жатканын сынга алып, миллиарддаган доллар жоготууларга алып келген мурунку келишимди түзүүчүлөрдү жазага тартуу маселесин көтөрүштү. Өз кезегинде Игорь Чудинов азыркы жетишилген макулдашуу максималдуу мүмкүнчүлүк экенин билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG