Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Петровка айылында үйлөрдүн биринде Иж-16, андан башка үйдөн Иж-16 жана Иж-28 аң куралдары табылды. Бул куралдар ИИМде катталган эмес. Учурда Ички иштер министрлиги ээлери таштап кеткен ал үйлөрдө кимдер жашаганын иликтей баштады. (AiT)