Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

Укук коргоочулар ички иштер министри кызматтан кетишин талап кылышты


СДП фракциясынын бүгүнкү жыйынына катышкан укук коргоочу Азиза Абдрасулова Петровкада окуяны күч органдары өз учурунда этибарга алып, аны жөнгө салуунун оордуна оппозиция жөнүндө тастыкталбаган маалымат таратууга аракет көрүп жатат деп билдирди. Ал, ошондой эле, ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кызматтан кетишин жана камакка алынгандар тезинен бошотулушун талап кылды. СДПнын жыйынына укук коргоочулардан сырткары Петровка айылынын тургундары, Москва районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттары да катышышты. Жыйынтыгында Фракция депутаттары Петровкада зордукталган кыздын абалын, саламаттыгын изилдеп чыгуу үчүн саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте көз карандысыз комиссия түзүүнү чечишти. (SA)

XS
SM
MD
LG