Бул тууралуу Чүй облусунун губернатору Болоткан Кумаров бүгүн “Ак жол” фракциясынын жыйынында билдирди. Ага чейин фракция жыйынында сөз сүйлөгөн Петровка айылынын тургуну Белла Махмудова мектепте үч күндөн бери окуу болбой жатканын, ата-энелер коркуп, балдарын мектепке жибербей жатканын билдирген. Буга жооп кылган губернатор 30-апрелде окуу башталып калаарын айтты. Губернатор ошондой эле Петровка айылындагы окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү жактады.(AiT)