Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:59

Ошто этно-маданий фестивалы өтөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Көп маданияттуу жана көп тилдүү билим берүү” борборунун координатору Дилдора Хамидова кабарлады. “Кыргызстан гүлдестесинде ар түрдүү гүлдөр бар” аталыштагы фестивалга Ош облусундагы жана Ош шаарындагы элүүдөн ашуун мектептерден эки миңге чукул окуучу катышуусу күтүлүүдө. Алар маданий чыгармачылыктын түркүн жанрларында он бештен ашуун улуттун каада салттарын, оюндарын, ыр-бийлерин жана азил тамашаларын көрсөтүшмөкчү. Фестиваль Борбор Азиядагы Америка университетинин “Дебют” музыкалык труппасынын жетекчилигинде өтөт. (SA)

XS
SM
MD
LG