Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Оштуктардын арызын Ташкен шаардык соту кароону создуктурууда


Ош жергесинен ажылыкка аттанган 49 киши былтыр 29-ноябрда Ташкен аркылуу учуп Меккеге зыяратчылыкка барышмак. Бирок «Өзбекстанабажолдору» авикомпаниясы келишимдеги милдеттенмелерин аткарбай коюп, алар коңшу өлкөнүн борборунда эки күн түнөп, мекенине кайтууга аргасыз болушкан. “Кыргызстандык зыяратчылар Өзбекстандын сот органдарына кайрылып, аталган ишканадан 150 миң доллар өлчөмүндө моралдык-материалдык чыгымды өндүрүп берүүнү талап кылып кайрылышканына үч айга аяк басты, тилекке каршы, эмдигиче жараян башталбай турат», - деп билдирди «Азаттыкка» жабырлануучулардын жактоочусу, жергиликтүү укук коргоочу Саидкамол Ахмедов. (ATo)

XS
SM
MD
LG