“Кыргыз өкмөтү менен “Кумтөрдүн” ортосундагы жаңы шарттагы келишимди ратификациялоо” боюнча долбоор Жогорку Кеңештин отурумунда каралышы күтүлүүдө. Буга чейин аталган долбоор парламенттин эл аралык байланыш жана каржы комитеттеринде, фракцияларда жактырылган. Келишимге 24-апрелде өкмөт башчысы Игорь Чудинов менен «Центерра Голд Инк.» президенти Стивен Ланг кол коюшкан. Жаңы келишмге ылайык, кыргыз тарап Кумтөрдөн мурункудай акциялардын 15,66 пайызына эмес 33 пайызына ээ болот. (AJ)