Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер Ооганстанда


Ал террорчулукту басуу стратегиясына Пакистандын киргизилишин колдоорун билдирди. Кабулда иш-сапары менен болгон Штайнмайер, эл аралык күчтөрдүн Ооганстандагы ийгиликтери толук жетишсиз экенин, ал үчүн Пакистандагы абалга да ошондой эле терең маани берүү керектигин билдирди. Ооганстандагы эки күндүк иш-сапары учурунда Штайнмайер президент Хамид Карзай менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Азыркы тапта Германиянын Ооганстанда 3 750 аскери бар.

XS
SM
MD
LG