Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

У.Рыскулов менен Н.Талканбаев камактан бошотулду


Петровка окуясы боюнча камакка алынган Уран Рыскулов менен Ноорузбек Талканбаев кечээ кечинде саат 9да сотко жеткирилбей бошотулду. Бул тууралуу Баялы Саркулов “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, бул Жогорку Кеңештин депутаттары менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашкан. Абактан бошотулган экөө 26-апрелдеги Петровкадагы баш аламандыкка катыштыгы бар делип улуттук коопсуздук комитетинин абагында камалышкан болчу. Маалыматтарга караганда УКМКнын абагында Э.Булекбаев, С.Аргымбаев, Т.Мадылбеков кармалып турат. (AJ)

XS
SM
MD
LG