Бул тууралуу өкмөт башчы Игорь Чудинов бүгүн Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, эгерде Кумтөр кенинен жыл сайын 20 тоннадай алтын казып алынса, бир унций алтындын баасы 800-900 доллар болуп турса, анда Кыргызстан бюджетине жыл сайын 70-90 миллион доллар каражат түшүп турат. Ал эми Кумтөрдөн 2025-жылга чейин 3.5 миллиард доллардай киреше түшөт дегенде “Центерра голд инктеги” Кыргызстандын акциясы да эске алынууда. (AiT)