Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Р.Шаботоевдин тарапкерлери Люксембург айылында митинг өткөрүштү


Социал-демократтар фракциясынан депутат, дайынсыз жоголгон Руслан Шаботоевдин 300гө чукул тарапкерлери бүгүн Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айылында митинг өткөрүштү. Митингге “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, БЭК атынан президенттикке талапкер Алмаз Атамбаев, БЭК штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаров катышты. Митинг Петровка айылында кармалгандарды жана УКМКнын убактылуу тергөө абагында жаткан белгилүү саясий ишмер Аликбек Жекшенкуловду бошотуу талабы менен уюштурулду. Люксембургда Петровка айылынын тургундарынын ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди кызматынан бошотуу талабы колдоого алынды. (EK)

XS
SM
MD
LG