Анда үч күндүн ичинде айылдагы бардык күрттөрдү көчүрүү, УКМКнын абагындагыларды бир күн ичинде бошотуу жана 4 жашар кызды зордуктаган, анын чоң энесинин өлүмүнө тиешеси бар деп шектелген кылмышкерди Петровкада элдик сот менен соттоо талабы коюлду. Бул тууралуу Петровка айылынын активисти Баялы Сарыкулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жыйынга Петровка айылынан бир жарым миндей киши катышты. Ага Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлеринен, СДП жана “Ак жол” фракциясынан депутаттар да катышты. Митингдин катышуучулары талаптар аткарылбаса 10-майда жалпы райондук масштабда митинг өткөрүү чечимин кабыл алышты. (AiT)