Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

Орусия Абхазия жана Түштүк Осетия менен чек араны коргоо боюнча келишимдерге кол койду


Грузиядан ажырап кеткен Абхазия жана Түштүк Осетия менен келишим түзүү аркылуу Орусия алардын Грузия менен чек арасын коргоого расмий жоопкерчилик алды. Документтерге бүгүн Кремлдеги салтанат учурунда орус президенти Дмитрий Медведев, абхаз жана түштүк осетин лидерлери Сергей Багапш менен Эдуард Кокойты кол коюшту.

Москва Абхазия менен Түштүк Осетияны көз карандысыз мамлекеттер катары былтыр августта Грузия менен болгон кыска согуштан кийин тааныган.

Батыш маалымат агенттиктеринин бүгүн кол коюлган келишимдин көчүрмөсүн таянып билдиргенине караганда, Абхазия тарап өзүнүн чек ара күчтөрүн түзгөнгө чейин чек араны кайтаруу укугун Орусияга берет. Ушундай эле шарт Түштүк Осетия менен түзүлгөн келишимде да каралган. Башкача айтканда, Орусия алардын чек арасын түз көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алды. Келишимдер бери дегенде алдыдагы беш жылга эсептелген.

Келишимге кол коюлгандан кийин сүйлөгөн сөзүндө орус президенти Дмитрий Медведев НАТОнун Грузияда 6-майда башталуучу аскерий машыгууларын “ачык чагым” деп атоо менен кайрадан кескин сынга алды.

XS
SM
MD
LG