Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Расмий Бишкек Чек айылындагы ээнбаштык үчүн Өзбекстан элчисине нааразылык билдирди


30-апрелде Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын элчисин чакырып, ага нааразылык билдирди. Кыргыз тарап Ноокен районунун Чек айылындагы окуя боюнча түшүндүрмө берүүнү өзбек тараптан талап кылды. Белгилүү болгондой 19-апрелде Өзбекстандын күч органдары 40 автоматчандын коштоосу менен Чек айылына кирип, контртеррордук операция жүргүзүү шылтоосу менен кыргыз жарандарынын үйүн тинткен, документтерин текшерген. Мындай аракети менен Өзбекстан эл аралык-укуктук келишимдердин чегинен чыгып кеткен. Бул аракеттер кыргыз тарап үчүн кабыл алгыс жана ал чагым салууну көздөйт. Ага жол берген адамдарды жоопко тартууну кыргыз тарап расмий Ташкенден талап кылды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG