Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Украиналык журналист Кыргызстанга киргизилген жок


Медиа коммуникация тармагындагы адис Евген Глибовицкий 30-апрелде Кыргызстан менен Казакстандын чегарасынан киргизилген жок. Е.Глибовицкийдин айтымында, анын Кыргызстанга бизнес иш сапары коммуникация тармагындагы компаниясынын өкүлчүлүгүн ачууга багытталган. Ага кирүүгө тыйуу салуунун себеби, Украина дагы эле болсо ыңкылапты башынан өткөргөн өлкө катары каралууда, деп эсептейт. Мурдагы журналист Евген Глибовицкий Кыргызстандагы көптөгөн медиа уюмдары менен массалык маалымат каражат тармагында рынокту өнүктүрүү, коомдук телерадио түзүү багытында кызматташып келген. Бул тууралуу медиа өкүлчүлүгү институтунан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG