Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

АКШда «маң затынын королу» өмүр бою абакка кесилди


Нью-Йорк калаасында болгон сот, Ооганстандагы можахеддердин мурдагы талаа командири жана талиптердин өнөктөшү Башир Нурзайды өмүр бою абакка отургузуу чечимин чыгарды. Соттун бүтүмүнө ылайык, Нурзай Ооганстандын Кандагар вилаятында апийим талааларына ээлик кылып, Пакистан менен чектешкен аймактарда маң заттарын сатууну көзөмөлдөп келген. 1990-жылдары эле Нурзай Нью-Йорк шаарында маң заттарын сатуу боюнча тымызын тармак түзгөн. АКШнын Адилет министрлиги ал жылдары Нурзайды дүйнөдөгү эң коркунучтуу маң зат королу деп атаган. Башир Нурзай 2005-жылы гана колго түшкөн.

XS
SM
MD
LG