Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Баткен облустук ооруканасында 50 пайыз дарыгер жетишпейт


Бул тууралуу Баткен облустук биргелешкен оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо боюнча орун басары Каныгүл Жороева 1-майда «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, облустук бейтапканада талапка ылайык 73 дарыгер иштеши керек болсо, учурда бар болгону 36 дарыгер гана иштеп жатышат. Көбүнэсе балдар жана аялдар врачтары жетишпейт. Мунун себеби - маянанын аздыгы жана шарттын төмөндүгү. Баткен облусунда өткөн жылкы эсептөөлөрдүн жыйынтыгында медицина кызматкерлеринин кирешеси эң төмөнкү деп табылган. Орточо эсеп менен айына дарыгерлер 2700 сом маяна алса, мамлекеттик кызматкерлер 5600 сомдон айлык алышат. (JsA)

XS
SM
MD
LG