Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

И.Исаков: Азыркы кырдаалдан улам К.Бакиев талапкерликтен баш тартса болмок


Президенттикке талапкер экс-коргоо министри Исмаил Исаков мындай пикирин “Азаттыкка” К.Бакиевдин талапкерликке көрсөтүлүшүнө байланшытуу билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча Бакиевдин талапкерлигине каршылык жок, бирок ал башкарган төрт жыл ичинде Кыргызстан кептелген социалдык-экономикалык жана саясий кыйын кырдаалды кайра жакшыртуу үчүн кеминде 15 жыл зарыл, ошон үчүн азыркы оор абалга байланыштуу Бакиев президенттикке талапкерликтен баш тартса коом үчүн жеңил болмок. Бүгүн бийликчил “Ак жол” партиясынын төртүнчү курултайы болуп, президенттикке талапкерликке Курманбек Бакиевди көрсөттү. Президент мурда алдыга коюлган милдеттер аткарылгандан кийин партия өзүнө ушундай ишеним көрсөттү деп билдирип, заводдун директорлугунан президентке чейинки иште топтогон тажрыйбасы мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди чечүүгө бышырды деп белгиледи. (BD)

XS
SM
MD
LG