Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

ШКУ партиялык уюмун түзүшү мүмкүн


Бул тууралуу бүгүн Орусиядагы “Бирдиктүү Россия” партиясынын жогорку кеңешинин бюросунун мучөсү жана Мамлекеттик Думасынын эл аралык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Константин Косачев “Ак жол” партиясынын курултайында билдирди. Анын айтымында, азыр бул маселе талкууланып жатат жана Орусия аны колдойт. Партиялык уюмду түзүүгө эми уюмга мүчө башка мамлекеттердин макулдугу керек. Ал эми “Ак жол” партиясы бүгүн Орусиянын “Бирдиктүү Россия” партиясы, кечээ Кытайдын Коомунисттик партиясы жана Тажикстандын Элдик-демократиялык партиялары менен парламенттер аралык кызматташуу макулдашуусун түздү. Мындай макулдашуу эми Казакстандын “Нур Отан” партиясы менен түзүлот деген маалымат бар.(BD)

XS
SM
MD
LG