Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 15:56

Бишкек-Исламабад-Бишкек авиакаттамы ишке киришти


Бул авиакаттамды кечээ “Кыргызстан” авиакомпаниясы ишке киргизди. Ага Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда аба каттамдарын түзүү жөнүндө түзүлгөн макулдашуу негиз берди. Жаңы авиакаттамдын ачылышы Исламабаддын Беназир Бхутто атындагы эл аралык аэропортунда белгиленип, каттам эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык, маданий байланыштардын өнүгүшүнө жол ачат деп белгиленди. Мындай кабарды Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты.(BD)

XS
SM
MD
LG