Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:38

Ал-Кайида Батышка чоң коркунуч туудурууда


Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти жаңы докладында белгилегендей, Ал-Кайида Пакистандын уруулар жашаган алыскы аймактарын колдонуу менен, Батышка эң чоң коркунуч туудуруда. Иранды болсо америкалык тышкы мекеме терроризмди колдогон эң активдүү мамлекет деп атайт. Дүйнөдө терракттардын саны азайганы менен Пакистанда террористтердин кол салуулары эки эсеге көбөйдү. Былтыр өлкөдө теракттар 2 миң 293дөй кишинин өмүрүн кыйган. Ирандын революциялык Кудс күчтөрү Палестин аймактарында, Ливан, Ирак жана Ооганстандагы террористтерди колдоп жатышат деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG