Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

Кесиптик-техникалык билим берүүнүн жергиликтүү борборлору ачылат


Мындай чечим кесиптик-техникалык билим берүү тармагынын донорлору менен мамлекеттик башкаруу мекемелеринин өкүлдөрүнүн жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык ар бир облуста тармакты каржылоо жана башкаруу боюнча жергиликтүү борборлору иштемей болду. Донорлордун иликтөөсү боюнча тармактагы башкы көйгөй жумуш берүүчүлөр менен окуу жайлардын алакасынын жоктугу. Билим берүү тармагы жумуш берүүчүлөргө кандай кадрлар зарыл экендигинен кабарсыз болгондуктан кадрларды даярдоо жагынан өксүктөргө туш болуп келет. Андан тышкары жумуш берүүчүлөр кесиптик-техникалык окуу жайдын бүтүрүүчүсүн эмес, жогорку окуу жайлардан билим алгандарды көбүрөөк ишке алгандыктан борборлор атаандаштыкты да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген чечимге келишти.(BD)

XS
SM
MD
LG